30 декабрь 2025
Кароолор: 6
Облус башчысынын балаты майрамы өттү
Бүгүн Баткен шаарында, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы өттү.
Жаңы жылдык иш- чарага облус аймагынан 110 бала чакырылган. Алар окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдары.
Айбек Шаменов өз сөзүндө балдарга “билимге умтулуп, чоң максаттарды коюп, ата-энеңерди кубантып өсө бергиле. Жаңы жыл силерге ийгиликтерди жана унутулгус кубанычтарды алып келсин” деген каалоо тилектерин билдирди.
Балдарга Баткен облустук драма театрынын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы