25 декабрь 2024
Кароолор: 23
Облус башчысынын балаты майрамы өттү

Бүгүн 25-декабрда КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы болуп өттү.
Майрамдык иш чарага облус аймагындагы окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган жана өзгөчө муктаждыктары бар 110 бала чакырылган.
Облус башчысы Айбек Шаменов балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана бактылуу балалык каалады.
Балдарга облустук драм театрдын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы