03 май 2026

Кароолор: 10

Облус башчысы жана ӨКМ министри сел кесепеттерин жоюу иштерин жеринде көзөмөлдөөдө

Облус башчысы жана ӨКМ министри сел кесепеттерин жоюу иштерин жеринде көзөмөлдөөдө

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов сел жүргөн Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы абалды чогуу көрүп чыгышты.

Жетекчилер селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү, жарандардын турак жайларын калыбына келтирүү, ошондой эле аймактагы жол, таза суу, сугат суу жана электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү багытындагы иштер биргеликте, активдүү улантылаарын белгилешти.

Ошондой эле аймакты сел сууларынан коргоо боюнча пландалган долбоорлорду талкуулашты.

Андан соң жарандык коргонуу кызматы менен жыйын өтүп, сел кесепеттерин тактоо, келтирилген чыгымдарды аныктоо,сайлардын жээгин бекемдөө менен,селдин нугун тазалоо маселелери каралды.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-майда Ак-Татыр айыл аймагында жүргөн селден жабыркаган турак жайлардын саны 71ге жетти. Анын ичинен 10 турак үйдүн жер төлөлөрүнө сел суулары кирген. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам (35 үй-бүлө) эвакуацияланып, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жарандык коргонуу кызматтары жана керектүү атайын техникалар тартылган.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан жеринде жарандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү уюштурулган. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймакта залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы