17 апрель 2026
Кароолор: 5
Облус башчысы Тажикстандан өткөн айыл чарба жерлерине суу жеткирүү иштеринин жүрүшүн жеринде көрдү
Облус башчысы Тажикстандан өткөн айыл чарба жерлерине суу жеткирүү иштеринин жүрүшүн жеринде көрдү
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов,Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында алмашылган айыл чарба багытындагы жерлерге, суу жеткирүү иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Алмашылган жер аянттары Кара-Бак айылынын тургундарына үлүш жерлери үчүн толугу менен берилип бүткөн. Учурда бул жерлерге суу жеткирүү иштери жүрүүдө.
Кара-Бак айыл аймагынын Курук-Сай, Лаккон, Коргончо жерликтерине суу жеткирүү үчүн тике суу кудуктарынан суу чыгаруу, канал казуу, сугат арыктарын казуу иштери аткарылып жатат.
Облус башчысы жергиликтүү жетекчилерге, элдин суроо талабына ылайык, сугат сууну жеткирүү үчүн мүмкүн болгон бардык зарыл чараларды көрүүнү, ошондой эле тике суу кудуктарын иштетүүдө электр энергиясын жеткирүү, арык, каналдарды тазалоо, суу нугун буруу үчүн курулмаларды куруу жана канал казуу жумуштарын тез арада, жергиликтүү бийликтин күчү менен бүткөрүүнү тапшырды.
Ошондой эле айыл чарба жерлерин, ирригациялык жана энергетикалык обьекттерди райондун эсебине алуу жумуштарын бүткөрүүнү тапшырды.
Учурда мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлүп, Кара-Бак айылынын айыл чарба жерлерине суу берилүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы