19 январь 2026
Кароолор: 37
Облус башчысы Сүлүктүдө жарандарды кабыл алат
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, 2026-жылдын 21-январында, Сүлүктү шаарында жарандарды жеке маселелери менен кабыл алат.
Облус башчысы менен кошо Баткен облусунун прокурору Абай Молдакматов жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукеновдор барып, жарандардын укуктук маселелери боюнча жооп берет.
Жарандарды кабыл алуу Сүлүктү шаардык мэриясынын имаратында, 2026-жылдын 21-январь күнү саат 11:00дө башталат.
Көчмө коомдук кабылдаманын максаты- облустун алыскы аймактарынын жашоочуларынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жана турмуш шарты оор жарандардын, облус башчысына жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы