15 февраль 2025

Кароолор: 35

Облус башчысы Самаркандек айыл аймагынын эли менен жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын эли менен жолукту.

Айыл эли алгач эле сугат суу көйгөйүн чечип берүүнү суранышты.

Ошондой эле социалдык объектилерге болгон муктаждык бар экенин айтып, үч нөөмөт менен иштеп жаткан Жаңы-Бак айылындагы мектеп жана бала бакча маселесин көтөрүштү.

Ошондой эле жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу зарылчылыгын айтышты.

Айыл эли айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоо үчүн, таштанды жыйноочу унаа менен камсыздоо зарыл экенин да кошумчалады.

Тургундар ипотекалык үйлөр боюнча маалымат ала албай жатканын, Баткенге мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесин ачуу керектигин белгилешти.

Облус башчысы аймактын социалдык, экономикалык муктаждыгын чечүү багытында айтылган бардык маселелерди чечүү боюнча иш алып барылаарын айтып, элди биримдикте болуп, аймактагы муктаждыктарды чечүүгө салым кошууга, тартипти жана тазалыкты сактоого чакырды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы