05 декабрь 2023
Кароолор: 36
Облус башчысы салык саясаты тууралуу ыкчам жыйын өттү

Бүгүн 5-декабрда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев район-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик салык кызматынын аймактык жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.
Облус жетекчиси аймакта салык төлөө маданиятын калыптандыруу, базарларда контролдук кассалык машиналарды колдонуунун артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу, бирдиктүү терезе кааналарын ачуу жаатында ыкчам иш алып баруу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма койду.
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, өнүккөн өлкөнү курууда, дүйнө мамлекеттеринин тажрыйбасы көрсөткөндөй, көмүскө экономиканын жоюулуусу, ишкерлердин ачык айкын иш алып баруусу, мамлекеттин өнүгүүсүнө зор өбөлгө болоорун айтты.
Ошондой эле, “өлкөбүздүн, анын ичинде аймагыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүндө ишкерлердин ролу зор. Ошол эле учурда мамлекет тараптан да жеке ишкерлерге ар түрдүү колдоолор көрсөтүлүп жатканы талашсыз. Ошондуктан өлкөбүз өнүгүүгө карай ыкчам багыт алган мезгилде, мамлекеттик кызыкчылыкты жогору коюу учур талабы. Ийгиликке жетүү үчүн биргелешкен, эриш аркак аракет керек” деп белгиледи.
Аны менен катар, Кыргызстандын азыркы салык саясаты, башка өлкөлөргө салыштырмалуу, эң эле ыңгайлуу экендиги тууралуу коомчулукка кеңири маалымат жеткирүү зарыл экенин айтты.
Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунун аймагындагы 20 базар күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө облус боюнча 6076 ишкер ККМ аппаратын колдонууда, ал эми 5697 ишкер патент менен иш алып барууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы