08 апрель 2026

Кароолор: 9

Облус башчысы Раззаков жана Максат айылдарынын тургундары менен жолукту

Облус башчысы Раззаков жана Максат айылдарынын тургундары менен жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарына көчүрүлгөн тургундар менен жолукту.

Белгилүү болгондой, чек ара аймактарынан көчүрүлгөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Раззаков айылына 60 турак үй, ал эми Максат айылына 16 турак үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Облус башчысы аталган айылдардын тургундары менен жолугуп, жаңы конуштардагы инфраструктуралык иштердин жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалым болгондой, учурда Раззаков айылында сметалык баасы 82,0 млн сомду түзгөн 75 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле айылга сугат суу жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, облус башчысы жакынкы убакта айылга фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруларын, бул боюнча инвесторлор менен макулдашуу жетишилгенин билдирди. Ошондой эле кичи футбол аянтчасын куруу да пландалууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы