01 апрель 2024

Кароолор: 7

Облус башчысы өрт чыккан Баяман баатыр базарында болду

1-апрелге караган түнү Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарында өрт чыккан.

Тилсиз жоо ӨКМ тарабынан чектөөгө алынган.

Облус башчысы кырсыктын кесепетин жеринен барып көрүп, соодагерлер менен жолукту.

Базарга облустук бардык тийиштүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырып, иликтөө иштерин жүргүзүү менен базарды тартипке келтирүү боюнча жеринде тапшырма койду.

Ыйгарым укуктуу өкүл базардагы өрт боюнча жумушчу топ түзүп, биринчи орун басары Маруфхан Тулаевди жумушчу топтун төрагасы деп дайындады.

Жетекчилер жана соодагерлер менен жолугушууда облус башчысы,

"мындан ары Баяман баатыр базары мыйзамдуу иштеген, коопсуздук эрежелери сакталган базар болууга тийиш.Жоопкерчиликсиз мамиле, башаламан соода жүргүзүүгө мындан ары жол берилбейт, мамлекет мыйзамдуу иштеген ишкерлерди колдойт, коомчулукка кооптуулук жараткан иш аракеттерге тийиштүү чаралар көрүлөт" деди.

Жолугушуу учурунда бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.Алар,

-Өрттүн чыгуу себептерин аныктоо, иликтөө иштерин тездетүү

-Базардын өрт болгон бөлүгүн тазалоо

-Тийиштүү мамлекеттик органдар менен базар жетекчилиги, соодагерлер биргеликте калыбына келтирүү иштерин аткаруу

-Соодагерлерге жана элдерге жетиштүү шарт түзүү

-Мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана иретке келтирүү

-Базардын жолун иретсиз коюлган унаалардан тазалоо, унаа тыгындарын азайтуу, унаа коюучу жайды иштетүү

-Соодагерлерге жана элдерге жетиштүү шарт түзүү

-Коопсуздук эрежелерин сактоо

-Соодагерлер ар тараптуу колдоо көрсөтүү.

Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2380 чарчы метрди түздү.Тагыраагы беш ашкана, 19 контейнер, үч дүкөн күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы