03 апрель 2026

Кароолор: 7

Облус башчысы окуучулардын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, 2025-2026 –окуу жылында Баткен областынын аймагынан мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабында байгелүү орундарды камсыз кылган окуучуларды кабыл алды.

Облус башчысы олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана алардын мугалимдерин куттуктап, окуучулардын ийгилиги өлкөбүздүн жаркын келечегинен кабар берет деп белгилеп, татыктуу билим берүүдөгү эмгеги үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле окуучуларга жана алардын мугалимдерине акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Аны менен катар мугалимдерге Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин атынан, эс алуу жолдомолору да тапшырылды.

Быйылкы республикалык олимпиадада ийгилик жараткан окуучулар;

-Аскарбек кызы Асема. Баткен областтык жатак мектебинин 11-классынын окуучусу, орус тили жана адабияты сабагы боюнча III орунду камсыз кылды.

-Өктөмов Дастанбек. Лейлек районундагы №3 жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу , география сабагы боюнча III орунду камсыз кылды.

-Саттаров Адылбек. Лейлек районундагы ЭЙМ СКУЛЗ РАЗЗАКОВ жалпы билим берүү мекемесинин 9-классынын окуучусу. Биология сабагы боюнча IV орунду камсыз кылды.

-Чоёнбаев Мухаммед. Лейлек районундагы ЭЙМ СКУЛЗ РАЗЗАКОВ жалпы билим берүү мекемеси 10-классынын окуучусу. Англис тили сабагы боюнча IV орунду камсыз кылды.

-Мээримкан Сулайманова. Лейлек районудагы №3 мектеп гимназиясынын 10-классынын окуучусу, тарых сабагы боюнча IV орунду камсыз кылды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы