04 август 2023
Кароолор: 38
Облус башчысы Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата даярдыктардан кабар алды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, тарыхий инсан Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата, улуу инсандын туулуп өскөн кичи мекени Кадамжай районунда аткарылуучу иш чаралардын жүрүшүнөн кабар алды.
Алгач ыйгарым укуктуу өкүл баштаган жетекчилер, Молдо Нияздын сөөгү коюлган жайга барып, Куран окуп, бата кылышты. Алдыда анын күмбөзүн куруу, зыярат кылуучу ыйык жайга айлантуу боюнча иш аракеттер жүрүүдө.
Андан ары “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айтмат Азамажан уулу, облус башчысын Молдо Нияздын Ак-Кыя айылындагы ХIХ кылымдагы балдарды окуткан үңкүрү жана анын аймагындагы тарыхий баалуулуктар менен тааныштырып, ал жайга курулуучу ачык асман алдындагы музейдин алдын ала жасалган үлгүсү (макети) менен тааныштырды.
Музейдин курулушуна Кадамжай районунун өнүктүрүү фондунан каражат ажыратылып,курулуш иштери башталганын турат.
Ыйгарым укуктуу өкүл улуу инсандын урпактары менен да баарлашып, “Молдо Нияз атабыздын аты өчпөйт, бул багытта иш аракетти колдоп, кол кабыш кылган бардык инсандарга, тараптарга терең ыраазычылык билдирем. Анткени келечек муун алдында зор үлгү боло турган иш жасап жатасыздар.
Элибизде “тарыхты билбей туруп, келечекке кадам таштаба”, “өткөндү унуткан элдин, келечеги жок” деген сөздөр бекеринен айтылбаган, биз бул багытта бардык демилгелерди колдоого даярбыз” деп белгиледи.
Абдикарим Алимбаев Кызыл-Булак айылындагы “Молдо Нияз” атындагы орто мектеби жана анын музейиндеги экспонаттар менен да таанышты.
Музейде кыргыздан чыккан алгачкы “жазмачы акын” Молдо Нияз Эрназар уулунун араб, фарс жана түрк тилдерин билген, өз доорунун билимдүү адамы болгонун, алгачкы агартуучу экенин далилдеген материалдар сакталган.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы