17 февраль 2025
Кароолор: 23
Облус башчысы мектеп окуучуларынын коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов мектеп окуучуларынын коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрүп, ага жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору, ата- энелер комитетинин төрагалары катышты.
Жыйында мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сунуш пикирлер ортого салынып, маселенин себептери, чечүү жолдору талкууланды.
Облус башчысы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо боюнча облуста 16 мамлекеттик органдын жетекчилигинен турган координациялык кеңешменин ишинин натыйжалуулугун арттыруу менен, ар бир жетекчиге өз милдетин так аткаруу зарылдыгын эскертти.
Жыйында балдардын жасаган кылмышы жана жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартууда белгиленген жаш курагын өзгөртүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү, кылмышка барган баланын ата-энесинин моралдык жоопкерчилигин кароо менен мамлекеттик кызматтардан четтетүү, өлкөдө компьютердик оюн клубдарын жабуу, мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун кааналарын ачуу боюнча сунуштар айтылды.
Кеңешменин соңунда облус башчысы окуучулар арасында кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды койду.Алар;
-Мектептердеги тарбиялык сааттардын маани маңызы, сапатына көңүл буруу
-Балдарды сабактан кийинки убакта пайдалуу ийримдерге катыштырууну уюштуруу
-Опузалап акча талап кылуу, уурулук, автотранспорт каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуу, зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу
-Окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
-Ата энелердин жоопкерчилигин күчөтүү
-Маалымат каражаттарынан социалдык роликтерди даярдап, таратуу.