25 сентябрь 2025
Кароолор: 8
Облус башчысы Лейлекте жаңы айылдарга көчүүчү тургундар менен жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Лейлек районунда чек ара айылдарынан көчүрүлүүчү тургундар үчүн курулуп жаткан жаңы айылдардан кабар алды.
Облус башчысы аталган айылдарга көчүрүлүүчү тургундар менен да жолукту.
Айыл эли, жаңы айылдар боюнча бир катар суроолоруна жооп алышты.
Өкүл Айбек Шаменов ар бир үй бүлө үчүн бардык шарты бар үйлөр толук бүтүп тапшырылаарын, айылдын электр энергия, таза суу, сугат суу жол жана башка маселелери толук чечилип, жашоо үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, учурда Кулунду айыл аймагына караштуу Раззаков айылында 60 турак жай жана Максат айылында 16 турак жай курулууда. Учурда үйлөрдүн ички жасалгоо жумуштары жүрүүдө.
Ошондой эле электр мамыларын орнотуу жана ички жолдорду куруу иштери аткарылууда.
Аталган үйлөргө Максат айылынан 16 үй-бүлө, Сада айылынан 27 үй-бүлө, Селкен участкасынан 17 үй-бүлө, Раззаков айылынан 16 үй-бүлө жайгаштырылат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы