29 май 2025
Кароолор: 3
Облус башчысы Куралдуу Күчтөрдүн аскерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Облус башчысы Куралдуу Күчтөрдүн аскерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Баткенде 29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгана арналган салтанат өттү.
КРнын Коргоо Министрлигинин Баткендеги аскер бөлүгүндө өткөн майрамдык иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышып, аскер кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун сактоодогу эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерине сыйлыктарын тапшырды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы