12 ноябрь 2025

Кароолор: 5

Облус башчысы көмүр шахталарынын ээлери менен жолугушту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов,Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ээлери менен жолугуп, калкты көмүр менен камсыз кылуу багытында активдүү иш алып барууга чакырды. Облус башчысы өз сөзүндө “Баткен облусунда көмүрдөн көйгөй болбош керек, көмүр баасын туруктуу кармоо, калкка арзан көмүрдү шахта ээлери ортомчусуз, түз жеткирүү кызматын көрсөтүүсү зарыл” деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Сүлүктү шаарында 38 көмүр шахтасы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Натыйжада жакынкы күндөрү облус борбору Баткен шаарына 20 фура көмүр жеткирилээри айтылды.

Маалым болгондой, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилген.

Ага ылайык жер жерлерде калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.

Учурда облус боюнча саламаттык сактоо объекттерине керектелүүчү 2,7 миң тонна көмүрдүн 97,4% камсыздалды. Ал эми билим берүү тармагында керектелүүчү 15,9 миң тонна көмүрдүн 83 % жеткирилди.

Ал эми жалпы облустун көмүргө болгон ички керектөөсү 120–130 миң тоннаны түзүп, анын 100 миң тоннасы калкты керектөөсү болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө карата калк арасында 54% көмүр камдалды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы