04 июнь 2025
Кароолор: 8
Облус башчысы көмөкчү жатак мектептин балдарынан кабар алды

Облус башчысы көмөкчү жатак мектептин балдарынан кабар алды
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Сүлүктү шаарындагы атайын көмөкчү мектеп интернатында тарбияланып жаткан балдардан кабар алды.
Облус башчысы мектеп интернатында тарбияланган балдарга шириндиктерди жана кийим кечелерди белек катары тапшырып, мектепке акчалай жардам тапшырды.
Аталган көмөкчү мектеп интернатында учурда 107 бала тарбияланып келет.
Жайкы каникул мезгилинде балдар эс алуу лагерлерине жиберилип турат.
Ыйгарым укуктуу өкүл көмөкчү мектеп интернатынын жамааты менен баарлашып, мекеменин муктаждыктарын сурап, мамлекет тарабынан колдоо болоорун белгиледи.
Белгилей кетсек, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, 15-майдан 15-июнга чейинки аралыкта, бир айлык жарыялоо боюнча облус башчысы Айбек Шаменовдун буйругу чыккан.
Ага ылайык, облус аймагында жардамга муктаж балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери уланууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы