22 июль 2025
Кароолор: 30
Облус башчысы Кадамжайда жарандарды жеке кайрылуулары боюнча кабыл алды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, жарандарды жеке кайрылуулары боюнча кабыл алуу үчүн, район-шаарларга көчмө коомдук кабылдама менен барууда.
Бүгүн 22-июлда, облус башчысынын жарандарды жеке кабыл алуусу, Кадамжай шаарында уюштурулду.
Бул күнү жарандар облус башчысына жолугуп, жеке маселелерин айтышты. Маселелердин көпчүлүгү укуктук, социалдык, үй-бүлөлүк маселелер болду. Ошондой эле коомдук маанидеги маселелер менен да кайрылышты. А.Шаменов, “ар бир жарандын кайрылуусу өз убагында каралып, тийиштүү жардам көрсөтүлүүгө же багыттама берилүүгө тийиш” деп белгилеп, жетекчилерге тапшырмаларды койду.
Көчмө коомдук кабылдаманын максаты, облустун борборуна барууга шарты жок, алыскы аймактардын жашоочуларынын, улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү, же турмуш шарты оор жарандардын, жеке маселелеринин чечилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү.
Облус башчысынын жарандарды көчмө кабыл алуусу, мындан ары жер жерлерде уюштурулуп турат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы