29 январь 2025
Кароолор: 30
Облус башчысы эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, БУУнун Аялдар түзүмүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Садик Сайед мырза, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлдөрү менен жолукту.
Облус башчысы өз сөзүндө аталган уюмдар менен;
-коомдо жана экономикада аялдардын ролун жогорулатуу
-айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо
-билим берүү, саламаттыкты сактоо жана гендердик теңчилик багытында кызматташуулар уланаарына ишеничин билдирди.
Тараптар аймакта социалдык туруктуулукту камсыз кылуу багытында бир канча маселелерди талкуулашты.