22 август 2023

Кароолор: 30

Облус башчысы ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту.

Ыйгарым укуктуу өкүл алгач Алексей Роговго ЕККУ тараптан көрсөтүлгөн буга чейинки колдоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда жакынкы келечекке кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен, кызматташууну бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.

Рогов баштаган ЕККУ өкүлдөрү Баткен облусунда ар дайым өнүгүүнүн, туруктуулуктун болуусуна тилектештигин билдиришти.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы