03 декабрь 2025
Кароолор: 6
Облус башчысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн иштеп жаткан мекемелерге колдоо көрсөттү
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кадамжай районунундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жашоочуларынан кабар алды. Облус башчысы алардын жашоо шартын көрүп, баарлашып, мекемеге материалдык жардамын тапшырды.
Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл, облус аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн иштеп жаткан, бир катар мекемелерге, резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү.
Алар;
-Баткен шаарындагы "Аруу-Жан" балдардын ден соолугун калыптандыруу борбору;
-Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси;
-Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Лунч Солнца” коомдук фонду;
-Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Сүлүктү-Лейлек райондук баштапкы уюму;
-Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Кадамжай райондук баштапкы уюму;
-Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Баткен шаардык жана райондук уюму.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүн белгилөө жана 2025-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндө, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан.
Ага ылайык, облус аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алуу, аларга укуктук, медициналык, моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүлөр уланууда.
Облус аймагында 21990 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы