23 январь 2025
Кароолор: 21
Облус башчысы дарыгерлер менен жолукту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов облустук оорукананын дарыгерлери менен жолукту.
Жыйында өкүл ооруканага кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык жардам көсөтүү башкы милдет экенин белгилеп, тийиштүү жетекчилерге бул багытта бир катар тапшырмаларды берди. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилиген жаңы өзгөртүүлөр боюнча да айтып, коррупциядан алыс болууга үндөп чакырды.
Мындан сырткары өкүл облустук ооруканада жеткиликтүү шарт жоктугунан, алдыда бардык шарты бар, заманбап оорукананы куруу үчүн долбоорлор даярдалып жатканын белгиледи.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы