26 май 2026
Кароолор: 3
Облус башчысы чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады
Облус башчысы чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Респуликасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгында, 28-май “Чек арачылар күнүнө” карата уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты.
Облус башчысы куттуктоо сөзүндө, “чек арачы болуу — чоң жоопкерчиликти, мекенге болгон чексиз берилгендикти талап кылган ардактуу кесип. Өзгөчө Баткен облусунун чек арасында кызмат өтөгөн чек арачылардын эмгеги баалоого арзыйт. Кооптуу шарттарга карабастан, элдин тынчтыгы, жердин бүтүндүгү үчүн кызмат өтөп жаткан мекенчил уулдарыбыз — элибиздин чыныгы баатырлары” деди.
Ошондой эле “Кыргызстандын чек арасын коргоодо баатырларча курман болгон эр азаматтарыбыздын жаркын элеси, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат” деп белгиледи.
Ал эми учурда мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштерине катышып жаткан ар бир чек арачыга, ыраазычылык билдирди.
Салтанатуу иш чаранын соңунда, кызматтык милдеттерин аткарууда, күжүрмөн эмгеги үчүн бир катар чек арачыларга сыйлыктарын тапшырды.
Кыргыз Респуликасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы