16 октябрь 2025
Кароолор: 25
Облус башчысы чек ара айылдарынын тургундарын көчүрүү боюнча жыйын өттү
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилеринин, ошондой эле облустук тийиштүү кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Анда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында алмашылган айылдардын тургундарын көчүрүүгө даярдыктар каралды.
Облус башчысы жаңы курулуп жаткан айылдарда элге зарыл болгон суу, электр жарыгы, жол маселелерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, ар бир үйдүн тийиштүү документтерин даярдоо тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, облус башчысынын жеке көзөмөлү менен, 20-октябрга чейин Баткен районундагы Жаңы-Достук жана Лейлек районунун Раззаков, Максат айылдарындагы турак үйлөрдүн курулушун аяктоо жана жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүү аракеттери жүрүүдө.
Жалпы Баткен жана Лейлек райондорунда 257 турак үй курулуп жатат.