12 февраль 2026
Кароолор: 4
Облус башчысы Баткендин намысын коргогон спортчу кыздарга ыраазычылын билдирди
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кызыл-Кыя шаардык балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин спортчусу, БатМУнун студенти Зарина Асанованы жана Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургуну, Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Бегайым Акбалаеванын машыктыруучусу Женишбек Токтоназаровду кабыл алды.
Облус башчысы спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өлкөнүн желегин желбиретип, Баткен облусунун атын чыгарганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, белектерин тапшырды. Алардын бул жетишкендиктери, жаш муунду спортко, сергек жашоого үндөйт деп белгиледи.
Зарина Асанова Кыргыз Республикасынын 5 жолку чемпиону. Өткөн жылы ал Кыргыз Республикасынын жана Баткен облусунун намысын, Эл аралык деңгээлде татыктуу коргогон. Спорттун бокс түрү боюнча Черногория мамлекетинде өткөн Дүйнө кубогунда 70 кг салмакта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Шри-Ланка мамлекетинин Коломбо шаарында өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп, күмүш медалга, Таиландда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээлеп коло медаль жана Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1-орунду ээлеп алтын медаль тагынды.
Ошондой эле, Баткен облусунун дагы бир таланттуу спортчусу Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Бегайым Акбалаева, 2025-жылы өткөн республикалык “Манас” оюндарында кыз-келиндер арасында кыргыз күрөшү боюнча 1-орунду, Кыргыз Республикасынын чемпионатында Алыш (бел боо) күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 60 кг салмакта 1-орунду ээлеп, облустун намысын коргогон. Бегайым учурда чет өлкөдө мелдеште жүргөндүктөн, анын белеги машыктыруучусуна тапшырылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы