22 август 2025
Кароолор: 23
Облус башчысы аткезчиликке каршы күрөшүү максатында коюлган посттордун ишин текшерүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, аткезчиликке каршы күрөшүү максатында уюшулган Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Развилка жана Сүлүктү шаарындагы Кольцо постторунун ишмердүүлүгүн жеринде көрдү.
Айбек Шаменов, постто турган чек ара, бажы, ветеринардык кызматтын, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, облус аймагына алынып келинип жаткан мал жандыктарын ар бирин тыкыр көзөмөлгө алып, кулак сырга (бирка) боюнча постто каттап, кайсы мал союучу жайга баргандыгы боюнча бардык тийиштүү органдар биргеликте, тыгыз иш алып баруусун тапшырды.
Облус башчысы мал жандыктарын алып сатуу менен алектенген жарандар менен да жолугуп, облус аймагында эт азыктарынын баасын турукташтыруу жана эт таңкыстыгын жөнгө салуу максатында, аткезчиликке каршы күрөш уланып, чек арага чектеш аймактарда жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынан түзүлгөн мобилдүү топтор иштеп жатканын белгилеп, аткезчилик жол менен кошуна өлкөлөргө мал өткөрүү фактылары аныкталса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн айтты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы