19 январь 2026
Кароолор: 26
Облус башчысы “Арка” насостук станциясынын абалын көрдү
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Лейлек районунуна болгон иш сапарында, Лейлек райондук суу чарбасынын 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыгын текшерди.
Облус башчысы Лейлек районунун “Арка” өрөөнүн сугат суу менен камсыздаган Кайракум суу сактагычындагы насостук станциясына барып, насостук агригаттардын оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, оңдоп түзөө иштерин убагында жана сапаттуу бүтүрүп, жазгы талаа иштерине кечиктирбей, өз убагында суу берүүгө даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.
Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 12 млн сом каралып, ирригациялык объекттин 100м сугат түтүктөрүн жаңылоо менен, станциянын суу астындагы бөлүгүн ультра үндүү текшерүү пландалган.
Белгилей кетсек, насостук станциянын суу астындагы бөлүгү 2013-жылы, суу бетиндеги калкып турган биринчи каскады 2024-жылы га капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн.
“Арка” насостук станциясы, узундугу 16,4 км болгон 3,0 м кубдук канал аркылуу Лейлек районунун Арка өрөөнүндөгү айылдарын, жалпы 2818 га жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы