28 апрель 2025

Кароолор: 8

Облус башчысы “Алгакадам”долбоорундагы иштин жүрүшүнөн кабар алды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай шаарында курулушу жүрүп жаткан “Алгакадам” ирригациялык объектисинен кабар алды. Облус башчысы курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жеринде маалымат алып, жумушчулар менен жолукту.

Аймактагы ири долбоорлор саналган объектке республикалык бюджеттен 650,0 млн сом бөлүнүп берилген.

«Алгакадам» коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан объект бүткөрүлсө, жалпы 4200 га жер өздөштүрүлөт.

25,0 га өнөр жай зонасы ачылат жана 27,805 км магистралдык канал курулат.

Учурда узундугу 6814 метр болгон тоннелдин 4943 метри казылып, жумуш 72,5 пайызга аткарылды. Ошондой эле тоо кыртыштары кыркылып 3км 700метр ачык канал казылып, бетондоого даярдалды.

Мындан сырткары 200м куб көлөмдөгү БСРдин таш топурак казуу иштери бүтүп инженердик жумуштар аткарылууда. Башкы суу алуучу түйүндүн да курулушу жүрүүдө.

Объект 2026-жылдын күз айларына бүткөрүү пландалган. Учурда курулушта 200дөй адам иштеп жатат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы