13 ноябрь 2025

Кароолор: 5

Облус башчысы актуалуу маселелелр боюнча жыйын өттү

-Баткен облусунун аймагындагы бардык бюджеттик мекемелерде (стратегиялык жана социалдык маанидеги объекттерден тышкары) тышкары, саат 18:00дөн 06:00гө чейин электр энергиясын өчүрүү чаралары көрүлсүн.

-Баткен облусунун аймагында эттин баасы 680-700сомдон ашпасын.

-Тойканаларда шаан шөкөттөр 22:00дө жыйынтыкталсын.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен облусунун активи менен жыйын өткөрүп, жогорудагы учурдун актуалдуу маселелелери боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду. Бул багытта жетекчиликтин, Жарлык, Тескемелери боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, рейд жүргүзүп, талаптарды аткарбаган субъекттерге чара көрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Аталган Мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Ошондой эле азыркы учурда электр энергиясына болгон тартыштыкты кыскартуу максатын көздөйт.

Ошондой эле суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы №949 тескемеси чыккан.

Ал эми азык түлүк бааларын туруктуу кармоо, өзгөчө этке болгон бааны бекитүү боюнча облус борбору Баткен шаарындагы эт сатуучу дүкөн ээлери жыйынга чакырылып, жетекчилер менен ачык пикир алмашуу болду. Натыйжада сунуш пикирлер айтылып, эттин баасын туруктуу кармоо макулдашылды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы