29 август 2023
Кароолор: 34
Облус башчысы аймактагы орчундуу маселелерди караган жыйын өткөрдү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустун аймагындагы актуалдуу маселелерди караган жыйын өттү. Жыйында алгач Эгемендүүлүк майрамына жана жаңы окуу жылына карата даярдык маселеси каралды.
Жыйынга район шаар башчылары,тийиштүү бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Облус башчысы КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын облустун аймагында уюшкандыкта өткөрүү боюнча тапшырмаларды койду.
Ошондой эле 2022-2023-жаңы окуу жылынын башталышына карата мектептердин даярдыгы боюнча аким, мерлерден маалымат алып, 1-сентябрга бардык тийиштүү шарттарды түзүүнү тапшырды.
Жыйында дагы башка ар кандай маселелер каралды.Алар;
-Той аштардагы ысырапкорчулукту көзөмөлгө алуу,
-Жол боюн таштандылардан тазалоо,
-Күзгү айдап себүү иштерине даярдык көрүү,
-Социалдык объекттердин жана жолдордун курулушунун жүрүшүнүн сапатын көзөмөлдөө,
-Өрт кырсыктарынын алдын алуу,
-Электр энергиясы тармагындагы күз- кыш мезгилдеринде даярдыкка өзгөчө көңүл буруу,
-Көмүргө жана азык түлүккө болгон бааны көзөмөлдөө,
-Мамлекеттик органдардын статистикалык маалыматтар менен иштөөдө өз ара кызматташтыгына көңүл буруу,
-Мамлекеттик каражаттарды максаттуу жана өз убагында пайдалануу,
-Баткен облусуна берилген өзгөчө макамга ылайык, жөлөк пул алуучулар арасында санариптештирүү иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекет тарабынан берилген социалдык жардамдарды өз убагында алууга көмөктөшүү.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев жогорудагы маселелердин аткарылышында тийиштүү жетекчилер тарабынан жоопкерчиликсиз, кайдыгер мамиле жасалып жаткан учурлар бар экенин айтып, кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы