26 март 2025

Кароолор: 13

Облус аймагында жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүүдө

Облус аймагында жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, бүгүн 26-мартта жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча район-шаар башчылары менен жыйын өткөрүп, аймактардагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымат алды. Ошондой эле жер айдоо, үрөн себүү, бак дарактарды сугаруу иштерин үзгүлтүккө учуратпоо, күйүүчү май, жер семирткич менен дыйкандарды камсыздоо, канал жана сугат арыктарын тазалоону тездетип бүткөрүү, тике суу кудуктарын көзөмөлдөн өткөрүү тапшырмасын берди.

Буга чейин облус башчысынын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү жөнүндө буйругу чыккан. Ага ылайык,

Күздүк кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу иштери 93,8%га аткарылып, 6352 гектарга жер семирткичтер берилди.

Жер айдоо иштери 19300гектарда же 44,6%га аткарылды.

Бүгүнкү күндө жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн себүү иштери кызуу жүрүүдө. Натыйжада буудай 5000 гектарга же 61,3%га, арпа 6700 гектарга же 57,7%га себилди.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан базар баасынан арзан баада 215 миң литр күйүүчү-майлоочу майларды алуу боюнча иш аракеттер көрүлүп, ушул тапта 20700 литр күйүүчү май дыйкандарга жеткирилип берилди. Мындан сырткары АЗСтерде күйүүчү жана майлоочу майлар жетиштүү.

Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүнүн керектөөсү 3 миң 609 тоннаны түзөт. Учурда үрөн менен камсыздоо 94,8%. Бүгүнкү күндө үрөн чарбаларда “Вакула 6” сортундагы жаздык арпа, “Пионер”, “Манас” сортундагы жүгөрү үрөндөрү да таркатылып бүткөрүлдү.

Жалпы 15 миң 837 тонна минералдык жер семирткичтер керектелет.

Учурда 3300 тонна азот, 4791 тонна фосфор, 118 тонна калий же жалпы 4211 тонна жер семирткич Кызыл-Кыя шаарында КАПУнун кампасында сатылууда. 5943 кг пестициддер район, шаарлардын аймагындагы агровет аптекаларда сатылууда.

2025-жылдын 28-январынан баштап бактарды сугаруу үчүн сугат суу берилип жатат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы