11 февраль 2026

Кароолор: 5

Облус аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу,мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө боюнча жыйын өттү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде, Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы аймактын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бардык мекеме-ишканалар өз тармагы боюнча так,мыйзам чегинде, системалуу жана жоопкерчиликтүү иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи.

Ошондой эле коомдогу актуалдуу маселелер боюнча социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эл арасында тынчтыкты, аймакта туруктуулукту сактоо, мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө багытында ар бир мекеме өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусун тапшырды.

Баткен облусунда коомдук саясий абал туруктуу.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы