15 ноябрь 2025
Кароолор: 6
Облус аймагында эт баасын турукташтыруу максатында талдоо жүргүзүлүүдө
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана ветеринардык кызматтын Баткендеги жетекчилери, Баткен шаарындагы мал базарга барып, эт багытындагы малдардын баасын жеринде көрүштү.
Ошондой эле сырттан мал ташып келип сатуу менен алектенген жарандарга жолугуп, малдын баасын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жетекчилер бул күндөрү мал союучу жайлардын ишмердүүлүгү, кызмат көрсөтүү шарттарын да көрүп чыгышты.
Ошондой эле эт саткан дүкөндөрдөгү баалар да текшерилип, көзөмөлгө алынууда.
Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, муктаждыкка жараша, район шаарларда муниципалдык эт дүкөндөрүн ачуу тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, монополияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан, облус борбору Баткен шаарында уй эти 670сом, кой эти 680сом болуп бекитилген. Бүгүнкү күнгө бааны ашырып саткан 13 сатуучуга чара көрүлүп, 39 миң сом айып салынды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы