21 март 2026
Кароолор: 2
«НООРУЗ 2026»
Облус борборундагы Нооруз майрамына арналган майрамдык салтанат, Баткен шаарынын борбордук стадионунда башталды.
Алгач жетекчилер сүмөлөк ачуу аземине катышып, элибизге аманчылык, жергебизге тынчтык тилеп, сүмөлөктөн ооз тийишти.
Андан соң, Баткен шаарынын жана Баткен районунун улуттук тамак аш жана улуттук кол өнөрчүлүк, сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышты.
Майрамдык салтанаттын маданий бөлүгүндө, А.Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрынын артисттеринин театрлаштырылган программасы тартууланды.
Нооруз майрамынын расмий бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларынан келген коноктор катышып, жалпы элди куттукташты.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов “Нооруз майрамы ар бир үй-бүлөгө жаңы ийгиликтерди, кубанычтуу көз ирмемдерди жана жаркын келечекти тартууласын. Ар дайым элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун.
Ыйык мекенибиз өнүгүп өсө берсин” деген тилектерин билдирди.
Майрамдык иш чара өлкөгө белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен уланды.
Ошондой эле күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш, кол күрөш боюнча спорттук иш чаралар өтүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы