05 март 2026
Кароолор: 5
МАШЫГУУ: Баткенде өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы аракеттер боюнча машыгуу өтөт
МАШЫГУУ: Баткенде өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы аракеттер боюнча машыгуу өтөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Токсонбаевдин жетекчилигинде,
Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын катышуусунда, 2026-жылдын 11-13-март күндөрү өтүүчү “Өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана келип чыкканда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери” аталышындагы машыгууга даярдыктарды көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Анда машыгууга тийиштүү маселелер талкууланып, жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдерге, шаарлардын мэрлерине, жарандык коргонуу кызматынын башчыларына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Сел жана суу ташкындары боюнча кооптуу аймактарда өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы аракеттер боюнча республикалык команда-штабдык машыгуу, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында өтөт.
Белгилей кетсек, облус боюнча кооптуу аймактарда 292 турак жай бар.
Анын ичинен сел кооптуу аймакта 129 , жер көчкү кооптуулугу бар аймакта 87, таш кулоо кооптуулугу бар аймакта 30 турак жай бар. Бул багытта элдерди коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча тийиштүү чаралар жана түшүндүрүү иштери жүрүп келет.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы