06 март 2026
Кароолор: 3
Мамыржан Рахимов облус активине тааныштырылды
Мамыржан Рахимов облус активине тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Мамыржан Рахимовду облус активине тааныштырды.
Данияр Амангелдиев, Мамыржан Рахимовду жаңы кызмат орду менен куттуктап, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Ошондой эле буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап турган Айбек Шаменовго ыразычылык билдирип, ийгилик каалады.
Маалым болгондой, Рахимов Мамыржан Тойчиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.
М.Рахимов юрист кесибинин ээси.
2012-2017-жж Баткен шаардык Кеңешинин V жана VI чакырылышынын депутаты болгон.
2017-2021-жж Баткен шаарынын мэри кызматында эмгектенген.
2021-2023-жж Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча КРнын Президентинин атайын өкүлү кызматын аркалаган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы