29 июль 2025
Кароолор: 9
Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясынын адистери Баткенде

Адистер жарандарга турак жай алуунун шарттарын жеткирүү жана онлайн кезекке туруу боюнча консультативдик жардам көрсөтүүдө.
Кабыл алуу даректери;
Баткен шаарында 29-июлда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты,
30-июлда Баткен шаардык мэриясынын имаратында.
Ал эми район шаарларда райондук администрациялардын жана мэриялардын имаратында.
Белгилей кетсек,учурда Баткен шаарында үч даректе турак жай комплекси курулууда. Жалпы батирлердин саны 4272.
МИК өкүлдөрүнүн Баткенде жарандарды кабыл алуу графиги
-Баткен шаары 29-30-июль
-Раззаков шаары 31-июль
-Кадамжай шаары 1-август 9:00дөн 12:00гө чейин,Кызыл-Кыя шаары 13:00дөн 18:00гө чейин.