18 апрель 2024

Кароолор: 2

Мамлекет менен ишкерлерлерге көпүрө: бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин үчүнчү отуруму өттү

Бүгүн 2024-жылдын 17-апрелинде Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңешинин үчүнчү отуруму өткөрүлдү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кеңештин төрагасы Абдикарим Алимбаев, Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын Президенти Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин өкүлдөрү, тийиштүү министрликтердин жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө, “аймакта инвестициялык ишмердүүлүктү жана бизнести өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу биздин негизги максатыбыз. Бүгүнкүдөй иш-чаралар бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен конструктивдүү сүйлөшүүнүн аянтчасы болуп, аймактагы инвестициялык климатты чыңдоо боюнча ишибизди алга жылдырууга зор өбөлгө болот деп ишенем” деди.

Ал эми Темир Сариев, ишкерликти өнүктүрүүдө заман талап кылган сапатка жана көлөмгө жетүү үчүн өндүрүүчүлөрдүн башын бириктирүү,адистештирүү учур талабы экенин белгилеп, Баткен облусундагы Соода-ѳнѳр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирген ишкерлерге сертификаттарды тапшырды.

Отурумда КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия, картография боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу жерлерди чарба ээлерине узак мөөнөткө берүү, балык чарбасын өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдүн бирикмесин (агрокласстер)ишке ашыруу, стартаптарды колдоо боюнча мамлекеттик фонд түзүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле буга чейинки кеңештин отурумунда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши тууралуу маалыматтар айтылып,кеңештин алгачкы натыйжаларына баа берилди.

Ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү аталган КЕНЕШтин түзүлүшү ишкерлер менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп,бир катар маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзүп жатканын айтышты.

Белгилей кетсек, аталган КЕҢЕШ, Баткен облусунда бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнес-коомчулуктарды туруктуу өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аны колдоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин бириктирүү максатында, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен түзүлгөн.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы