28 октябрь 2023
Кароолор: 63
Мадыген геопаркына саякат уюштурулду

Бул сапар Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен уюштурулду.
Мадыген геопаркына КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчи айым Д-р Габриела Геллил айым баштаган элчиликтин өкүлдөрү, мекеме ишканалардын кызматкерлери,тарыхчылар,маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барды.
Алар геопарктын аймагындагы Сары-Тоо капчыгайына, Кан-и-Гут үңкүрүнө, IX-X кылымга таандык байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү - Мадыген оазисине, каньондорго саякатташты.
Белгилей кетсек, КР Министрлер кабинетинин чечими менен уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында жалпы аянты 8 160 гектардан турган “Мадыген” жаратылыш эстелиги түзүлгөн.
«Мадыген» геопаркы - Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан батышка карай 18 км алыстыкта жайгашкан.
Байыркы заманда бул түстүү тоолор Сармат деңизинин түбү болгон деген маалыматтар бар.
Геологиялык процесстер бул жерде укмуштуудай пейзаждарды жана жаратылыш эстеликтерин жараткан.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы