19 январь 2026

Кароолор: 24

Лейлекте ири өндүрүш “Мега Газаблок” ишканасы иштеп жатат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы “Мега Газаблок” ишканасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Ишкана 2025-жылдын соңунда Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылган. Учурда алгачкы продукциясын чыгарууда.

Ишкананын курулушуна жеке ишкер 18,0 млн доллар инвестиция салган.

Автоклав газоблокторун чыгаруучу завод, күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу экологиялык таза курулуш материалын чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Облус башчысы ишкана жетекчилиги менен заводдун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, алдыда ишкана аймакты курулуш материалы менен камсыздоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактын экономикалы өнүгүүсүнө салым кошуусуна ишеничин билдирди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы