05 сентябрь 2025
Кароолор: 25
Лейлекте чек араны демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймагында жүрүүдө.
Лейлек району боюнча иштер учурда Жаңы-Жер айыл аймагында жана Катта-Туз жерлигинде аткарылууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде, жергиликтүү бийлик органдары демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүүдө.
Бул багытта Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек баш болгон жумушчу топ, калкттуу конуштарга зым тартуу иштери боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек ара сызыгын турак жай, короо жай, коммерциялык багыттагы объекттерден, бак дарактардан тазалоо иштери аткарылууда.
Учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл аймагында 105 объект аныкталып, тазалоо иштери толук бүтүп, зым тартууга даярдалды.
Жарандар турак жайлары, эгин талаалары аркылуу өткөн зым тартуу иштерин түшүнүү менен кабыл алууда.
Учурда Лейлек районунун чек арасынын 16 км аралыгына зым тартылып, 42 км жол салынды.
Курулуш материалдары чек ара заставаларында ширетилип, сырдалып, чек ара сызыгына жеткирилүүдө. Бул иш аракеттер КР УКМКнын Чек ара кызматы баш болгон 6 мамлекеттик аскер кызматтары тарабынан аткарылууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы