22 август 2025
Кароолор: 17
Лейлекте 76 турак үйдүн курулушу кызуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Лейлек районундагы турак үйлөрдүн курулушунан кабар алды.
Учурда Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй курулууда. 200гө жумушчу иштеп жатат.
Облус башчысы Айбек Шаменов, жергиликтүү жетекчилер менен куруучуларга, алдыда күз-кыш мезгилдери келе жаткандыктан, курулушту мөөнөтүнө бүткөрүү зарылдыгын белгилеп, сапатына өзгөчө маани берүүнү эскертти.
Маалым болгондой, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун айрым аймактарын Тажикстан Республикасы менен алмашуунун натыйжасында, жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн, жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталган.
Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн, жалпы 76 турак жай курулуп жатат. Бул үйлөргө Лейлек районунун Максат, Сада, Раззаков, Селкен айылдарынын жашоочулары жайгаштырылат.
Жалпы Лейлек жана Баткен району боюнча, облуста 257 үй курулууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы