21 апрель 2025

Кароолор: 5

Лейлек районунун жазгы талаа иштеринин даярдыгы текшерилди

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын жазгы талаа иштерине даярдыгын текшерди. Аталган ишкананын карамагында 34 даана насостук агрегат бар. 2025-жылдын даярдык планы боюнча 18 даана насостук агрегатты оңдоо каралып, ондоо иштери жүрүп жатат. Кулунду, МК-1, Дашрабад, Ак-Терек,Тешик,Төө-Жайлоо каналдарында тазалоо жумуштары аткарылып, суу берилүүдө.

А.Ташбалтаев Арка каскадына барып, ирригациялык маанилүү объекттин ишмердүүлүгүнөн да кабар алды.

Аны менен катар Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан эркин экономикалык аймагындагы 74га жерге тамчылатып сугаруу системасы менен өздөштүрүлгөн бакты көрдү. Бакты сугаруу үчүн 2 даана суу кудук курулган. Натыйжада 30000 даана көчөт отургузулган.

Абдирашит Ташбалтаев, жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сугат объекттерин дыкат көзөмөлдөө, сугат аянттарын кеңейтүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы