15 август 2025

Кароолор: 6

Лейлек районунун жаңы акими район активине тааныштырылды

Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган Асылбек Женишбек, Лейлек районунун активине тааныштырылды.

Жаңы акимди район активине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, кечээ 14-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Осмонбеков Канымет Бийзакович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президент кол койгон, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Асылбек Жеңишбек, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Асылбек Жеңишбек 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал буга чейин;

-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде

-Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде,

-Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматы

-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде эмгектенген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы