18 апрель 2026

Кароолор: 3

Лейлек районунда ирригация жана айыл чарба иштери талкууланды

Лейлек районунда ирригация жана айыл чарба иштери талкууланды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Лейлек районуна иш сапары менен барды.

Лейлекте көчмө жыйын өтүп, жазгы талаа иштери, сугат суу берүү, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери, жер казынасын туура пайдалануу боюнча маселелер талкууланды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Абдирашит Ташбалтаев ирригациялык обьектилерден кабар алып, жергиликтүү базарларды кыдырып, азык-түлүк бааларын текшерди.

Лейлек районунда жазгы талаа жумуштары 92,5% га аткарылып,сугат суу берилүүдө.

Лейлек районунун жалпы сугат аянты 14 443 га жерди түзөт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы