08 апрель 2026

Кароолор: 9

“Лейлек” эркин экономикалык аймагынын ишин жандантуу аракети көрүлүүдө

“Лейлек” эркин экономикалык аймагынын ишин жандантуу аракети көрүлүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты.

Жетекчилер жеринде өндүрүш аймагын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды.

Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен, 11500 000 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

“Лейлек” эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 100 га. Анын ичинен 84 га жер аянтына Лейлек суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системасы аркылуу суу жеткирилип, бак отургузулган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы