24 октябрь 2025

Кароолор: 22

Кызыл-Кыяда шаар күнү белгиленди

Кызыл-Кыяда шаар күнү белгиленди

Бүгүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 127-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алтынбек Сейитказыев, шаардын мэри Алтынбек Бектуров, шаардык кеңештин төрагасы Ж. Аматов, ошондой эле шаардын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышып, куттуктоолорун билдиришти.

Шаарды өнүктүрүүгө салым кошкон жетекчилер, жеке ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Иш чаранын алкагында жаңы ачылыштар болду.

Атап айтканда, шаарда эки аллея, Асаналиев көчөсүндөгү тротуар пайдаланууга берилди. Бул объектилер шаар инфраструктурасын жакшыртып, тургундар менен конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

КР Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы