19 декабрь 2025

Кароолор: 14

Кызыл-Кыяда саламаттык сактоо мекемелери жаңыланды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов,Кызыл-Кыя шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалынан кабар алды.

-Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү, быйылкы жылы республикалык бюджеттен 10млн сомго капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. 20 орунга ылайыкталган ооруканада бейтаптар жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

-Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун неврология бөлүмү,Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар ассамлеясы тарабынан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып курулду.

40 орундуу мекемеде дарт аныктоо жана комплекстүү дарылоо боюнча мыкты шарттар түзүлгөн.

-Шаардык төрөт үйү 70орунга ылайыкталган.Мекеме республикалык бюджеттин эсебинен ондоп түзөөдөн өттү.

-Шаарда дагы эки ФАП пайдаланууга даяр.

Курулуш Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып,республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен курулду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы