23 апрель 2026
Кароолор: 11
Кызыл-Кыяда дагы бир өндүрүш ишканасы ишке кирет
Кызыл-Кыяда дагы бир өндүрүш ишканасы ишке кирет
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кызыл-Кыя шаарындагы курулуш материалдарын өндүрүүчү ишкананын абалы менен таанышты.
Аталган ишкана буга чейин бир нече жыл иштебей токтоп турган. Учурда объект толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жабдуулар орнотулууда.
“Нур” өндүрүш ишканасы жакынкы мезгилде ишке кирүүсү пландалууда.
Ишкана ишке берилген соң, газоблок, ротбанд, шпаклевканын бардык түрлөрү, кафель желими, наливной пол жана ар түрдүү боёк материалдары өндүрүлөт.
Мамыржан Рахимов өз сөзүндө, мындай өндүрүш ишканаларынын ачылышы, ички рынокту сапаттуу курулуш материалдары менен камсыз кылууга, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.Ошондой эле жеке ишкерлерге керектүү бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы