02 октябрь 2025
Кароолор: 7
Кызыл-Кыя ТЭЦ кышка даярдык көрүүдө

Кызыл-Кыя шаарындагы жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыгы текшерилди.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев борбордун абалы жана даярдык иштери менен жеринде таанышты.
Учурда Кызыл-Кыя ТЭЦине 2000ге жакын абонент туташкан. Бир жылытуу сезону үчүн орточо эсеп менен 7 миң тонна көмүр талап кылынат. Учурда октябрь айына карата 1000 тоннадан ашуун көмүр жеткирилип, калганы этап-этабы менен ташылып жатат.
ТЭЦ жетекчилигинин маалыматына ылайык, кышка даярдык боюнча оңдоо жана профилактикалык иштердин басымдуу бөлүгү бүткөрүлүп, жабдуулар толук кандуу ишке киргизүүгө даярдалууда.
Бул чаралардын негизги максаты – Кызыл-Кыя шаарынын жана аймактагы калктын кышкы мезгилде үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу болуп саналат.