23 апрель 2026
Кароолор: 8
“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техникалар тапшырылды
“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техникалар тапшырылды
Кызыл-Кыя шаарында коммуналдык кызматтарды жакшыртуу максатында атайын техникалар республикалык бюджеттин эсебинен, тактап айтканда “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарына сатылып алынды.
Жаңы алынган JAC Т8 үлгүсүндөгү пикап жана эвакуатор техникасын КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов тапшырды.
Облус башчысы жаңы техникалар узак убакыт бою элге сапаттуу кызмат көрсөтүп, шаардын тазалыгын камсыздоого жана анын мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы